Акыркы төрт айда кумшекер 19%га кымбаттады. Инфографика

Сүрөт: exp.idk.ru

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын март айына карата кумшекердин бир килограммына болгон баа 64,36 сомду түзүп, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 10 сомго кымбаттады. Бул тууралуу бүгүн 2-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул көрсөткүч кумшекердин баасы төрт айда дээрлик 19 пайызга өскөнүн көрсөткөн. Ал эми, февралдан мартка чейин бир айда 4,34 сомго же 7,2 пайызга кымбаттаган. Өлкө аймактарында кумшекердин баасы эң жогору Жалал-абад облусунда 68, Ноокатта 67 сомдон сатылып жатат.

 

Эске салсак, өлкөдө азык-түлүккө болгон баа өсүп жаткандыктан, аны ооздуктоо үчүн экономика жана финансы министрлиги 31-мартта кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлгөн. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз, ал эми кумшекер менен 56 пайыз камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товарлардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 127 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо