Алайда мал карап жүрүп жоголгон окуучу изделүүдө

Сүрөт: ӨКМнин басма сөз кызматы

Ош облусунун Алай районунунда мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон 14 жаштага бала изделүүдө. Ал кар көчкү астында калган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Алай районунун Терек айылында 2-апрель күнү 14 жаштагы окуучу мал караганы кетип, үйүнө кайтып келген эмес. Жоголгон баланы издөөгө ошол эле күнү ӨКМ жана ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте 110 адам тартылган. Бирок азырынча анын дайыны табыла элек.

«Куткаруучулар жергилтиктүү тургундар менен биргеликте издеп жатат. Бүгүн издөөгө 30 кызматкер тартылды. Жоголгон бала мал караганы кеткен күнү аталган аймакта кар көчкү болгон. Ошондон улам ал кар алдында калышы мүмкүн деген божомолдор бар»— деди ӨКМ басма сөз катчысы Элзат Абдраимова.

Белгилей кетсек, 2-апрель күнү Алай районунун Белекбаев айыл аймагында болжол менен саат 13:30 чамасында кар көчкү түшкөн. Айрым унаа жолдорунда да кар күрткүсү болуп, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу жабылган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*