Акыркы суткада коронавирустан 3 адам каза болуп, 161 жаңы учур катталды

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жана пневмониянын лобороториялык тастыкталган 161 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык ыкчам штаб бүгүн, 7-апрелде кабарлады. 

Маалыматка караганда, Бишкек жана Чүй облусу илдетти жуктургандардын басымдуу бөлүгүн түзүүдө.

Бишкекте — 97, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда — 0, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда — 0 кишиден вирус табылды.

Ошондой эле бир сутка ичинде 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Ошол эле учурда илдеттен улам Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 1 адам жошоосу менен кош айтышты. Каза болгондордун саны 1512ге жетти.

Стационарлардагы 690 адамдын 518и орто оордукта, 147си оор абалда, 23ү өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда – 623 бейтап бар.

Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 89438гежетти.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1458 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо