Апрель окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде апрель окуясында каза болгондор эскерилди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган расмий өкүлдөр жана экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.  Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1458 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо