Болот Баетов, «Ата-Журт Кыргызстан»: Партиянын командасы жаңы

31-мартта Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялардын дебаты «Нур» телеканалында өттү. Ал күндөгү берүүгө «Бир Бол», «Ата-Журт Кыргызтан» жана «Улуттар биримдиги» партиялары катышкан.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкер Болот Баетов, оппененттери менен болгон суроо-жооп учурунда аталган партиянын командасы жалаң жаңылар экенин айткан.

«Жаңы лидерлер, жаңы жашоо деп чыгып жатабыз. Көрүп жатасыңар, биздин платформабыз да жаңы, командабыз да жаңы. Талапкерлер менен да программабыз менен да тааныштырып жатабыз», — деген Болот Баетов.

«Т-Медиа» редакциясы талапкердин бул сөзүн текшерип көрүүнү чечти. 

БШКнын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык кеңешине аттанып жаткан талапкерлеринин тизмеси 87. Алардын ичинен мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер 34, жумушсуз деп көрсөтүлгөндөр 24. Учурдагы депутаттар 5. Каттоодон четтетилгени 5. Калганы юрист, журналист, ишкерлер.

                                                «Биримдиктен», «Ата-Журт Кыргызстанга»

Партиянын талапкерлери менен кенен таанышсак, номер биринчи тизмеде Сонунбек Жунусбаев бара жатат. Ал шайлоо өнөктүгүнө чейин Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгын жетектеп турган.

Жунусбаев саясатка 9 жыл мурун аралаша баштаган. 2012-жылы Ош шаардык кеңешине ошол убактагы мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы делген «Улуттар Биримдиги» менен депутат болуп барган. Мөөнөтү бүткөн соң 2016-жылы Өмүрбек Бабановдун «Республика-Ата-Журт» партиясына кошулган. Бирок мандат ала алган эмес. Ал эми былтыркы жылдагы шаардык кеңешке бийликчил делген «Биримдик» партиясы менен аттанган. Бирок коронавирус илдетине байланыштуу үгүт өнөктүгү учурунда шайлоо токтотулган.

Мындан башка «Биримдик» партиясынан өткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн «Ош шаардык суу чарба» ишканасынын жетекчиси Дөөлөт Көкөчөров, «Ош Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаилов, «Ош Жылуулук камсыздоо» ишканасынын башчысы Бекмурза Эргешов бар.

                       «Республика Ата-Журт», «Кыргызстандан», «Ата-Журт Кыргызстанга»

«Жаңы лидердер, жаңы жашоо» деп аттанган партиянын катарында Ош шаардык кеңешинин учурдагы 5  депутаты Бекболот Арзибаев, Нурзаман Алимбеков, Жыргалбек Тажибаев, Салман Назылбеков, Темирбек Жунусов бар. Алар «Республика Ата-Журт», «Кыргызстандан»,  партияларынан «Ата-Журт Кыргызстанга» өткөн. Мындан башка, «Республика Ата-Журт» партиясынын мүчөсү, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов да «Ата-Журт Кыргызстанды» тандаган.

Тизменин калганын «Газпром Кыргызстандын» Оштогу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчиси, автовокзалдын башкы директору, жашылдандыруу комбинатынын жетекчи орун басары, муницапалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, суу чарба, Тазалык ишканасынын кызматкерлери, орто мектептердин, ЖОЖдордун мугалимдери, дарыгерлер, шаарга караган айылдардын башчылары толуктайт. Кызыгы былтыры пандемияга байланыштуу токтотулган шайлоого «Биримдиктен» катышкандардын 20дан ашуунун тизмесин ушул партиядан көрүүгө болот. Айрымдарынын тизмедеги орундары да алмашкан эмес.

Жыйынтык: Демек, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы жалаң жаңы жүздөрдөн чогулганы жалган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо