COVID-19 илдети өткөн суткада 222 кишиден аныкталды. 4 бейтап каза болду

Сүрөт: Саид Царнаев

Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө 222 адам коронавирус жуктуруп алды. Республикалык штаб тараткан маалыматка ылайык, алардын басымдуусу Бишкек менен Чүйдө. Ошол эле учурда 111 бейтап айыгып, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 бейтап көз жумду.

Жуктургандар: 

Бишкек шаары- 183;

Ош шаары — 4;

Чүй – 24;

Нарын — 2;

Ыссык-Көл – 4;

Жалал-Абал – 4;

Баткен 1.

Айыккандар: 

Бишкек – 69;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 33;

Ысык-Көл облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 3.

Коронавирус алгачкы ирет аныкталган былтыркы жылдын 18-мартынан бери оору 89 660 кишиге жукту. Анын ичинен айыгып чыккандар 85 607. Тилекке каршы, каза болгондор 1516.

Учурда стационарда 712, үйдө 870 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 24ү өтө оор абалда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо