Шайлоо: «Бүтүн Кыргызстандан» Ош шаардык кеңешине аттангандар

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 76 талапкердин тизмесин тапшырган. Анын ичинен 30га жакын киши жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

«Бүтүн Кыргызстанды» чоң жарышка 29 жаштагы Улан Канат уулу баштап баратат. Бир жыл мурун  жаш саясатчы Кыргыз либерал-демократтар партиясына (КЛДП) ыктаган жана Ош шаардык кеңешине шайлоого кызуу даярдана баштаган. Бирок бул шайлоо коронавирус пандемиясынан улам өз мөөнөтүндө өтпөй калган.

Улан Канат уулу жаш экенине карабай коомчулукка Ош шаары үчүн бир топ демилгелүү жумуштарды жасаганы менен таанылды.  

Партиянын тизмесинде Улан Канат уулунан кийин эле экинчи болуп тиш доктур, жеке ишкер Тимур Баймурзаев турат. 2016-жылы шаардык кеңешке шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен катышкан. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Баймурзаев Тимур Алишерович (@baimurzaev_timur_)

 

«Бүтүн Кыргызстанды» ээрчиген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери

  1. Аскарбек Акжолтой уулу (№4) — Ош шаарындагы №52 орто мектеби;
  2. Гүлзыйнат Абдувапова (№3) — Ош гуманитардык юридикалык институту;
  3. Асанбек Бекмухамедов (№56) — Ош шаарындагы поликлиниканын тиш дарыгери;
  4. Тайрь Мойдунов (№25) — ОшТунун кафедра башчысы;
  5. Венера Абдраимова (№6) — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын медайымы;
  6. Наргиза Арынова (№12) — Кыргыз-өзбек университетинин кафедра башчысы; 
  7. Улугбек Абжапаров (№16) — Ош шаардык салык кызматынын кызматкери.

Жеке ишкерлер

  1. Адилет Оморбек уулу (№5);
  2. Эркинбек Ибрахимов (№7);
  3. Тимур Султаналиев (№13);
  4. Болот Якубов (№17);
  5. Азирет Медербеков (№22);
  6. Нурсултан Амиракулов (№26);
  7. Темирлан Мамасалиев (№35);
  8. Эржан Нурмаматов (№47);
  9. Манас Муктазаров (№63);
  10. Арген Бактыяр уулу  (№65);
  11. Камчыбек Тешекулов (№73).

Партия  — «Жаштар! Жаңы дем! Жаңы күч» урааны менен  чыгууда. 

«Т-Медиа» Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн сөз бергенге даяр.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

  • «Ынтымак» партиясына бириккен эски-жаңы жүздөрдү бул жактан окусаңыз болот.
  • «Ата-Журт Кыргызстандан» Ош шаардык кеңешине аттангандардын тизмеси бул жакта. 
  • «Бир Болдон» Ош шаардык кеңешине кимдер аттанууда? 
  • «Ишенимди» кимдер жандады?
  • «Республикадан» Ош шаардык кеңешине аттангандардын көпчүлүгү «Кыргызстан» банктын кызматкерлери
Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо