Шайлоо 2021: Ош шаардык кеңешине талапкер президенттин жыйынына катышты

«Ишеним» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер Шаятбек Абдрахманов кечээ, 8-апрелде президент Садыр Жапаров өткөргөн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешмеге катышты. Мыйзам боюнча талапкер үгүт өнөктүгү учурунда жумушу менен жыйындарга катышканга болбойт.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров «Т-Медиага» билдиргендей, Шаятбек Абдрахманов саламаттыктык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору жана облустук балдар ооруканасынын жетекчиси кызматын аткарууну атайын буйрук менен токтоткон.

Ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев бул боюнча төмөнкүдөй комментарий берди:

«Муну мыйзам бузуу деп эсептейбиз. Иштеп жаткан кызматы менен барган болсо бул мыйзамга туура келбейт. Ал эми жеке иши менен барса мүмкүн. Бизге арыз келсе карайбыз. Талапкерлигин алып салуу, айып пул, эскертүү сыяктуу чара колдонулушу мүмкүн».

Бул боюнча биздин редакция талапкердин өзү менен байланыша алган жок.

Шаятбек Абдрахмановдун шайлоо өнөктүгү учурунда жумушу боюнча иш-чараларга барып жүргөнү биринчи жолу эмес. Буга чейин да Өзбекстандан жардам катары келген тез жардам унааларын кабыл алууга катышып жүргөнү менен сынга кабылган.

Ал «Ишеним» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер. Тизмеде 26.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо