
31-мартта Ош шаардык кеңешине аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты болуп өттү. Анда “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” жана “Бир Бол” партиялары беттешти.
Дебаттын жүрүшүндө “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлү оппоненттерине Ош шаарында жашоо минимуму тууралуу суроо узатты. “Ата-Журт Кыргызстандын” талапкери Болот Баетов бир айлык керектөө 4820 сом турарын айтты.
“Т-Медиа” Баетовдун сөзүн текшерип көрдү. Улуттук статистика комитетин маалыматыны ылайык, Ош шаарында 2020-жылы бир адам үчүн айлык керектөөнүн өлчөмү 5325 сом 65 тыйынды түзгөн.
Аймактарга бөлүп караганда жашоо минимуму Жалал-Абадда баарынан жогору. Облустун бир тургунуна айына 5 755 сомдон эсептелген. Экинчи орунду 5 541 сом менен Ош облусу ээлеген. Алардан соң гана Бишкек шаары турат, киши башына 5 381 сом.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Талас облусунда жашоо минимуму өлкө боюнча эң аз болуп, 4 949 сомду түзөт.
Жыйынтык: жалган. Болот Баетов Ош шаарынын жашоо минимумун 10%га төмөн айткан.
Оставьте первый комментарий