Ошто мектеп окуучусун зордуктоого шек саналып бир киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылыны 26 жаштагы тургуну жети жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, 9-апрелде милицияга Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургунуну кайрылган. Анын айтымында, жети жаштагы кыз талаа аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда белгисиз азиат улутундагы жаран тарабынан жыныстык жактан зордукталган. Жеткинчек денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Алдын ала маалыматта ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөндүктөн кызды таенеси багып жүргөн.

Факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*