Ошто алты партия шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди

Ошто алты партия 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу бүгүн «TMG» телеканалынын түз эфиринде «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү билдиришти.

Алар Оштогу шайлоо «эң ыплас» өткөнүн белгилешип, ага тийиштүү органдар көңүл бурбай койгонуна нааразы болушууда.

Алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыз босогодон өткөн «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Абдыжапар Аккуловдун айтымында, алар үчүн мандат эмес, таза шайлоо маанилүү. Ал мындай шайлоого жол бергени үчүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетиши керек деген оюн айтат.

«Ош шаардык кеңешке 9 партия катышты. Алардын арасында мемерандум бекеринен түзүлбөй калганы жок. Буга чейин БШК төрайымы, орун басары баары келгенде айтып жатканбыз.  Административдик  ресурс, акча таратуу, добуш сатып алуу болуп жатканын ошондо эле билгенбиз. Тиешелүү органдарга да жибергенбиз. Тилекке каршы, чара көрүлбөй жатты. Элдин бул шайлоого үмүтү бар болчу. Ушул шайлоону таза өткөрсөк, күзүндөгү парламенттик шайлоого үмүт артсак болот эле. Шаардык кеңешке шайлоо унундай өтсө, парламенттик кандай болот? Былтыры 4-октябрдагы шайлоо ыплас өткөндөн кийин, көп саясатчыларга мүмкүнчүлүк бердик эле. Мурдагы “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” катасын кайталабайт дегенбиз. Бирок бул бийлик дагы ага жол берди. Ошто ушундай болушуна албетте шаар бийлиги да түздөн түз күнөлүү. Анын карамагындагы мекеме жетекчилеринин баары талапкер болгонуна карабай, ишини тапшырышкан жок. Сүйлөгөндө башка, иш жүзүндө башка иш кылып жатышты. Биз шайлоодон өттүк. Бирок бизге мандат эмес, таза шайлоо керек. Биз ушундай системага каршыбыз. Биз шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун иштен кетишин талап кылабыз. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра дайындап, таза шайлоо өтүшү камсыздалсын», — деди Аккулов.

Калган беш партиянын өкүлдөрү да шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешти. Аны жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоого БШКны, бийликти чакырып, президентке кайрылышты. Эгер, талаптары аткарылбаса, эртеңден баштап нааразылык акцияга чыга турганын кошумчалашты.

Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгында автоматтык эсеп боюнча «Ата Журт Кыргызстан» алган добуштар 49% ашып, алдыда.  Андан кийин «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру», «Ынтымак» партиялары турат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо