Ош шаарында шайлоого байланыштуу 44 арыз катталды

Ош шаарында кечээ 11-апрель шайлоо күнү 44 арыз катталып, учурда текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 11 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми эки материал соттук кароого, дагы экөөсү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле текшерүү учурунда тастыкталбаган материалдар кыскартыла турганын кошумчалады. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ош шаарында жалпы 121 арыз жана маалыматтар катталган.

Кечээ, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берилди.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо