Ошто шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган алты партия президентке кайрылды

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол”, жана “Бүтүн Кыргызстан”  саясий партиялары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 

Кайрылууда, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду шайлоодогу мыйзам бузуунун демилгечиси катары сыпаттап, аны кызматтан четтетүүнү жана иш-аракеттерине юридикалык баа берилиши керектигин талап кылышкан.

Анткени Ош шаардык мэриясы партиялардын айрым талапкерлерине карата куугунтуктар, мыйзамсыз жумуштан бошотуулар, жер-жерлердеги аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер тарабынан кысымдар, шайлоочуларга карата басымдар жана коркутуулар сыяктуу админстративдик ресурс орун алгандыгын билдиришти.

Мыйзам бузууларга каршы чараларды көрбөгөндүгү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитовду да кызмат орундунан четтетип, жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.

Мындан сырткары Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын толук алмаштыруу, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоону мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кайрадан дайындоо жана анын таза өткөрүлүшүн камсыздап берүү талабын коюшкан.

Эгерде талаптары аткарылбаса жана тийиштүү жооп болбосо мөөнөтсүз нааразычылык акцияларына чыга турганын билдиришкен.

Кечээ, 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарында «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары шайлоо босогосунан өткөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо