Шайлоо жыйынтыгы: Ош шаардык кеңешинин алдын ала курамы

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо кечээ, 11-апрелде саат 20.00дө аяктады. Өлкөнүн жарандары 28 шаардык кеңешке 796 депутатты жана 420 айылдык кеңешке 7560 депутатты шайлашты.

Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча төрт партиянын алган добуштары 7% чектен ашты. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан» 48,82%, «Улуттар Биримдиги» 17,79%, «Ыйман Нуру» 8,38%, «Ынтымак» 7.03%.

«Т-Медиа» Ош шаардык кеңешинин болочок чакырылышынын алдын ала курамын аныктады. Автоматташтырылган системанын (АСУ) алдын ала маалыматы боюнча, мандаттар төмөнкү төрт партияга бөлүштүрүлөт.

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 27 мандат;
  • «Улуттар биримдиги» — 11 мандат;
  • «Ыйман Нуру» — 4-5 мандат;
  • «Ынтымак» — 3-4 мандат.

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы:

  • Сонунбек Жунусбаев — ТС №2 «Сулайман — Тоо» төрагасы;
  • Азамат Төлөнов — «Төлөнов Азамат» ЧПсынын жетекчиси;
  • Гүлсара Кулдышева — ОшМУ, тарых юридика факультетинин деканы;
  • Жохонгир Сайфуллаев — убактылуу иштебейт;
  • Долатбек Кокочоров — «Ош шаар суу канал» ишканасынын жетекчиси;
  • Бекболот Арзибаев — убактылуу иштебейт;
  • Равшанбек Касымов — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  •  Хулкар Исамова -«Рейтер» маалымат агенттигинин кабарчысы;
  • Нурзаман Алимбеков — «Ак-Тайлак ЛТД» ЖЧКсынын директору;
  • Жыргалбек Тажибаев — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  •  Дамира Абдибаева — «Даннур-Түштүк» ЖЧКсынын башчысы;
  • Алтынбек Зайнидинов — ОшМУнун АЧД башчысы;
  • Мирлан Атабаев -«Бирдик-Ата Курулуш» ЖЧКсынын жетекчиси;
  • Бахтияр Турсунбаева — убактылуу иштебейт;
  • Замирбек Толубаев — жеке ишкана жетекчиси;
  • Сүйөрбек Сатыев — Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын юристи;
  • Нурлан кызы Гүлжамал -«Ош электро» ишканасынын эсептөөчүсү;
  • Токтоназар уулу Чыңгыз — «Полипласт» ЖЧКсынын башкы директору;
  • Нурбек Исмаилов — «Тазалык» жеке ишканасынын жетекчиси;
  • Акмарал Мамасалиева — ОшМЮИнин улук экономисти;
  • Салман Назылбеков — «Дархан пласт» ЖЧКсынын башкы жетекчиси;
  • Кудайберди Аматов  — РМСУнун Оштогу филиалынын кызматкери;
  • Нурзида  Нуралиева — «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын юристи;
  • Азамат Абдыкалыков — убактылуу иштебейт;
  • Темирбек Жунусов  — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  • Ракия Абдыкадырова — Ош медициналык колледжинин мугалими;
  • Канатбек Сапаев  — убактылуу иштебейт.

«Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясы:

  1. Абдижапар Аккулов — ОшМУдагы Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору;
  2. Чыныбек Тойчиев  — «РСК Банктын» Оштогу филиалынын директору;
  3. Аина Раимбердиева  — «ИНКОМ» чакан финансылык компаниясынын директору;
  4. Талантбек Кадыров — убактылуу иштебейт;
  5. Ахмаджанов Хашим Абдухакимович, 1958-жылы төрөлгөн, «РусАзия транс» ЖЧКсынын директору;
  6. Нурила Самиева — убактылуу иштебейт;
  7. Хасан Ахмедов — «Туран» аймагындагы кв. комитеттин төрагасы;
  8. Медербек Абдибаитов — «Электромакс» ЖЧКсынын башкы директору;
  9. Назира Мирзаматова — «Экспресс плюс» лабораториясынын аймактык директору;
  10. Асхат Токтосунов  — «ДК сервис» ЖЧКсынын башкы оператору;
  11. Дилмурат Ишанов — ОшТВнын финансылык директору;
  12. Гүлмира Абдыкадырова — №53 «Мурас» балдар бакчасынын башчысы.

«Ынтымак» саясий партиясы:

  1. Айдар Бакыев — жеке ишкер;
  2. Семетей Козуев — «Россия нефть» ЖЧКсынын стратегиялык өнүгүү башчысы;
  3. Эльмира Өмүралиева — «Лига Трейд» ишканасынын аймактык өкүлү;
  4. Дөөлөтбек Тургунбаев — убактылуу иштебейт.

«Ыйман нуру» саясий партиясы:

  1. Самидин уулу Сабырбек — иштебейт;
  2. Асылбек Топчубаев — Ош шаарынын мэриясынын кызматкери;
  3. Кадырбек кызы Нуркыз — өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы;
  4. Каалы Уркунбаев — иштебейт.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо