Ошто үч мектеп окуучусунан коронавирус табылды

Ош шаарындагы “Олимп” мектебинин 10-классынын окуучусунан COVID-19 вирусу аныкталды. Ошондой эле калаадагы «Жетиген» менчик мектебинин эки окуучусу да илдетти жугузуп алган. Алар бир үй-бүлөнүн балдары экенин «Т-Медиага» Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотов билдирди. Анын айтымында, илдет аларга атасынан жуккан.

Буга байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинун сунушу менен эки мектепте кыздар окуган класстар эки жумалык карантинге жиберилди, алар үйдөн онлайн окушат.

«Балдар вирусту ата-энесинен жуктуруп алышкан. Дене табы көтөрүлүп баштаганда эле сабакка келишкен эмес. Бирок ага карабай анын классташтарынан жана мугалимдерден ПЧР-тест алынууда. Оору жуктурган балдардын абалы жакшы». 

Бул маалыматты Олимп мектебинин директору Миргүл Бакирова да ырастады. Анын айтуусунда, кыз өткөн жумада ооруп калып, үйүндө дарыланып жаткан. Анын менен чогуу окуган классташтары да эки жумага обочолонууга жиберилген.

Ошто коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылган мектептер толук ачылды. Азыр окуучулар кадимки тартипте окуп жатышат. Бул илдеттен Кыргызстанда 1,5 миңден ашык адам каза болду, оору жугузуп алгандар 90 миңден ашты.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо