Баткенде 2 күндөн бери изделип жаткан келин табылды

Баткенде изделип жаткан Айхан Закир кызы табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ал кечээ 13-апрель күнү кечке жуук милиция кызматкерлери тарабынан, Баткен шаарында жүргөнү аныкталып, табылган.

«Закир кызы Айхандын ден соолугу жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Баткен РИИБи тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 22 жаштагы тургуну Закир кызы Айхан 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо