«Бир Бол»: Ошто бир класста 45 бала окуйт. Текшеребиз

31-мартта “Нур” телеканалында Ош шаардык кеңешине аттанган талапкерлердин дебаты болуп өттү. Анда “Бир Бол”, “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Улуттар биримдиги” партияларынын өкүлдөрү катышты.

Дебаттын жүрүшүндө “Бир Бол” партиясынын өкүлү Кушбак Шайиев бүгүнкү күндө шаардагы мектептерде бир класста 40-45 окуучу билим алып жатканын билдирген. Ал атаандаштарына суроо узатып жатып, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда мындай көйгөйлөр эмнеге чечилбей калып кеткенине кызыккан.

“Т-Медиа” Шайиевдин мектептердин ашыкча жүктөм менен иштеп жатканы боюнча айтканын текшерип көрдү. 

2018-жылы “Ынтымак” сайты Оштогу орус тилдүү мектептерде бир класста 60 окуучу билим алып жатканы тууралуу макала жарыялаган. Анда калаадагы таза орус тилдүү мектептердин баарында абал ушундай экени айтылат. 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөновдун “Т-Медиага” билдиришинче, андан бери абал өзгөргөн жок. Калаадагы таза орус тилдүү тогуз мектеп 1200-1500 окуучуга ылайыкташкан. Бирок анын жетөөндө балдардын саны 3000ден ашат. 

Окуучу саны ченемден көп орус тилдүү мектептер:

  • М. Ломоносов —  40-45 бала;
  • С.Киров — 40-43 бала;
  • А. Макаренко — 30-35 бала;
  • Нариманов — 44-45 бала;
  • И. Раззаков — 47-48 бала;
  • Олимп — 38-40 бала;
  • Алтыбаев — 40-45 бала.

Эскертүү: техникалык коопсуздук, санитардык нормалар боюнча Кыргызстанда бир класстагы баланын саны 25тен ашпаш керек.

Бектурсун Көкөнов көпчүлүк ата-энелербир класста 45 бала тыгылып окуганына тынчсызданбайт дейт. Анын айтымында, “шаардыктар балдарын кайсы мектепке көп берсе, мен да ошого жөнөтө берейин” дегендер четтен табылат. 

“Ата-энелер “Бул мектептер шаардын борборунда жайгашкан, баары эле ушуларды мактап атышат” деп балдарын жетелеп келе беришет да. Негизи окуучу 5-класска чейин кандай мектепте билим алары эмес, кандай мугалимдин колуна барары маанилүү. Аны ата-энелер түшүнбөй жатпайбы. Анан балдарын орусча сүйлөп үйрөнсүн дегендер көп. Анын үстүнө Орусияда иштеп, тилден кыйналган ата-энелердин мээсине орусча окутуш керек деген түшүнүк сиңип калган”, -деп билдирди Көкөнов. 

Жыйынтык: чын. Ош шаарында бир класста 40-45 бала билим алат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо