COVID-19: Ош шаарында эки мектеп карантинге жабылды

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Санталат Аматова, «Т-Медиага» калаадагы «Олимп» жана «Жетиген» мектептери коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын  билдирди. 

Аматованын айтымына караганда, COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн ушундай чечим кабыл алынган. Окуучулар эми эки жума аралыктан окуп турушат.

«Анткени окуу учурунда социалдык аралык, санитардык эрежелерди сактаганыбыз менен деле танапис учурунда же башка убактарда окуучулар бири-бири менен жолугушушу мүмкүн. Ошондуктан оорунун алдын алуу үчүн эки жумага жабуу боюнча чечим кабыл алдык»,- деди Аматова.

Ал  кошумчалагандай, коронавирустун алдын алуу үчүн шаардагы бардык мектептерде профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Кечээ 13-апреледе «Олимп» жана «Жетиген» мектептеринде окуган эки окуучунан COVID-19 аныкталып, алар бир үй-бүлөнүн балдары экени кабарланган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо