«Кадастрдын» Оштогу филиалынын жетекчиси үй камагына чыкты

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын жетекчиси Ильяз Сансызбаев 7-апрелде үй камагына чыгарылды. Ал «Ош электро» ЖАК административдик имаратын арзан баада сатууга жана жеке тарапка өткөрүп берүүгө шектелип кармалган эле. 

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы «Т-Медиага» билдиргендей, Ош шаардык соту шектүүнүн жаш курагын, өздүгүн, үй-бүлөсү менен Ош шаарында туруктуу жашаган жерин аныктап, үч баласы бар экенин эске алуу менен үй камагына чыгарган.

Сансызбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 5-апрелде атайын кызмат тарабынан кармалып, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилген болчу.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, «Ош электро» ЖАК административдик имаратын сатуу боюнча аукцион өткөрүлүп, жыйынтыгында 8 миллион сомго арзан баада жеке адамга сатылганы айтылат. Ошондой эле имараттын жалпы аянты 600 метр квадраттан ашык же 16,65 сотых жер жайгашкан. Жер тилкесинин бир чарчысынын базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору.

Мындан сырткары Ильяз Сансызбаев белгиленген тартипти бузуу менен көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз чыгарганы аныкталган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо