Медиа Диалог долбоору видео материалдарды даярдоо боюнча операторлор арасында сынак жарыялайт

Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясы (ALDA) Медиа Диалог гранттык программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруудан кийинки отчеттук видеоматериалдарды (видео+фото) даярдоо үчүн видеограф же компания издейт.

Мөөнөтү 2021-жылдын апрель — август айлары.

Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясы (ALDA) —  бул жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жарандык катышууну илгерилетүүгө арналган, Францияда катталган бирикме.

Видеограф же болбосо компания Медиа Диалог долбоорунун гранттык компонентинин жыйынтыгы боюнча 2-4 мүнөттүк 3-4 репортаждык роликтерди даярдайт. Видеолор ар кандай коммуникациялык платформаларда — социалдык тармактарда жана веб-сайттарда отчет берүү жана жайылтуу үчүн колдонулат.

Материалдар орус тилинде даярдалат. Акыркы жыйынтыктоочу видео үч тилде орус, кыргыз жана англис тилдеринде чыгат. Кыргыз, англис тилдери субтитр менен толук үн орусча чыгышы керек.

Видеолордун саны: 3 — 4 (бюджетке жараша), 2 жана 3 мүнөттөн ашпашы керек.

Видеонун түрү: видео (анын ичинде грант алуучулар менен маектешүү) + инфографика + 2D графика (эгер мүмкүн болсо).

Анда Медиа Диалог долбоорунун гранттык программасынын алкагында ишке ашырылган 15 долбоор жөнүндө маалыматтар, видеолор, мурда тартылган фотолор, алар менен маектешүүлөр камтылат. Сценарийди буюртма берген тарап даярдап берет.

Видео материалды даярдоодо оператор байланыш адисине жана грант менеджерине сөзсүз түрдө кабарлап, алар менен өз иш-аракеттерин макулдашып турушу керек.

Кимдер катыша алат? 

Видео кызматтарын көрсөтүү боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар;

Видео материал жасоону камсыз кылуучу сапаттуу техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болуусу;

Видео тартууну жана монтаждоону билгендер;

Буга чейин даярдаган видеороликтердин болушу;

Белгиленген мөөнөттөрдө бүтүрүп, жоопкерчиликтүүлүк талап кылынат.

Тендерге катышуу үчүн кызыккан жеке жактар жана компаниялар үчүн эмне талап кылынат?

Мурунку тажрыйбаны сүрөттөгөн резюме/портфолио. Буга чейинки ушул сыяктуу видеолордун шилтемеси.

— Көрсөтүлө турган кызматтардын деталдуу бюджети;

Документтердин толук топтомун  cholponbolotbekova@epd.eu  дарегине, анын көчүрмөсү asylgulakimjanova@epd.eu  электрондук почтасына 18-апрель саат 23: 59га чейин жиберүү зарыл.

Толук маалымат үчүн төмөнкү шилтемеден таанышыңыз

Запрос предложений на изготовление итоговых видео материалов в рамках грантового компонента проекта Медиа Диалог

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо