Медкызматкерлердин айлыгы канчага көтөрүлдү? Түшүндүрмө+нфографика

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Ал эки баскыч менен ишке ашып, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы жогорулады. Ал эми жалпы медициналык кызматкерлердин айлыгы июлдан тартып көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ак халатчандардын эмгек акысы кандай категориялар боюнча жогорулайт? Түшүндүрүп беребиз.

Өкмөттүн №134 токтомуна ылайык, өлкөдө медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт. Биринчи этапта үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 100%га көтөрүлсө, кийинки этапта жалпы медицина кызматкерлери 50%га көбөйтүлгөн эмгек акы ала баштайт.

  • Жетекчилик кызматты аркалалагандардын маянасы — 50%;
  • Врачтардын маянасы  — 50%; 
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы — 100%;
  • Орто даражадагы кызматкерлердин маянасы — 50%;
  • Кичи даражадагы кызматкерлердин маянасы — 50%;
  • Башка кызматкерлердин маянасы — 50%.

 

Эскерте кетели: жогорудагы сумма квалификацилык категорияларды эске алгандагы орточо эсеп. Ал эми базалык маяна төмөндөгүдөй бекитилгенин Милдеттүү камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башкы адиси Нурлан Ормонов түшүндүрүп берди:

«Базалык маяна мурунку 13-токтомдун негизинде үй бүлөлүк дарыгерлер үчүн 5 миң сом эле. Азыркы жаңы токтомдун натыйжасында 10 миң сомго көтөрүлдү. Калган дарыгерлердики 50% көтөрүлдү. Мурун базалык маянасы 5 миң болсо, азыр 7,5 миң болуп көбөйүп атат. А орто медкызматкерлер буга чейин 4 миң 300 сом алса, азыр 6,5 миң сом болот». 

Белгилей кетчү жагдай, айлык акы көтөрүлсө үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысын баалоо тартиби да өзгөрөт. Буга чейин алардын маянасы 12 индикатордун негизинде эсептелип, топтогон баллына жараша айлык акы алышчу. Азыр эми кайра мурдагыдай базалык маяна чегерилерин дарыгерлер да кубаттоодо.

«Азыр бизге 100% кошулганы ыңгайлуу болуп жатат. Индикаторду алыш үчүн ар биринин өзүнүн талабы бар. Ошого жооп берсек гана айлык алчубуз. Эгер, индикатордо көрсөтүлгөн баллды топтой албай калсак маяна чыкчу эмес», —дейт үй-бүлөлүк дарыгер Адина Апазова.

Көбөйтүлгөн айлык акыны үй-бүлөлүк дарыгерлер 1-апрелден тартып алып башташса, калган жалпы медицина кызматкерлерге 1-июлдан бериле баштайт. Ак халатчандар маянанын жогорулаганын стимул катары баалап жатат. Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов муну менен адис жетишсиздигин чечүүгө түрткү болот деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндүн талабы болуп атат. Себеби өлкөдө дарыгерлер бир же эки жыл иштеп тажрыйба арттырып туруп, чет мамлекеттерге чыгып кетишүүдө. Аларды кармап калалы десек айлык аз». 

Деген менен айрым медицина кызматкерлери айлык акы жетиштүү деңгээлде көтөрүлгөн жок деп эсептешет. Анткени базалык маяна башка тармактын маянасына салыштырганда өтө төмөн. Андыктан азыркы көбөйтүүлөр дарыгер жетишсиздиги чечпейт жана тамырлашкан жемкорлукту жоё албайт. Мындай пикирин Ош шаардык ооруканасынын кулак-мурун бөлүмүнүн дарыгери Эрнист Орозбаев билдирди.

«Министрликтин «Маянаны жогорулаттык» дегени көйгөйдү чече албайт. Ал үчүн алгачкы сумманы көбөйтүш керек. Беш минди 100% көтөргөндө 10 миң сом болот. А башка тармакта иштегендер мисалы, эч жерде окубай эле келген сержанттар 20 миңден көп алат. Анда да үч күндө бир келет. Биз күнү-түнү дебей ушул жерде жүрөбүз».  

«Болушунча бюджет кызматкерлеринин айлыгындай көтөрүп беришсе жакшы болмок. Мисалы, мугалимдер эң аз алганы эле 20 миң сом алат. А медиктердин эң көп алганы 10 миң сом болуп атпайбы. Ошолордун катарында көтөрүп берсе жаш кадрларга, жаңы үй-бүлөлүүлөргө жакшы болмок да», — деп билдирди Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчисинин орун басары Кутбидин Абидов.

Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча токтомду ушул жылдын 8-апрелинде кабыл алган. Маяналардын көтөрүлүшү менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2021-жылга кошумча 1 миллиард 612 миллион сом керектелет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо