Ош: «Рамазан» соода борборундагы ижарачылар Атамбаевге нааразычылыгын билдиришүүдө

Ош шаарында жайгашкан «Рамазан» соода борборундагы ижарачылар, ишкер Жалил Атамбаевге нааразычылыгын билдиришүүдө. Анткени ага таандык делген соода борбордун жаңы ээси ишкерлерге 3 күндүн ичинде имаратты бошотуу талабын койгон. 

Ижарачылардын айтымында, Жалил Атамбаев жана анын жакындары соода борборун бир ай мурда жеке жактарга саткан. Бирок келишим боюнча ижарачыларга алдын ала кабар берилиши керек болгон.

«Биз үч күндө бошото албайбыз. Кредит алып ремонт кылганбыз. Көп каражат кетирдик. Эми келип үч күндө бошоткула дегени туура эмес»,- деди Гүлшайыр Эсенгулова.

Соодагерлердин бири Аксана Кадырованын айтымына караганда, соода борборун оңдоого ижарачылар өз каражатынан акча сарпташкан.

«Бул соода борборго бир лампочка коюп берген эмес. Ар бирибиз өзүбүз чөнтөгүбүздөн акча төлөп, ремонт кылып, шарт түзгөнбүз. Ага көп акча сарптаганбыз. Эми биз ушунча оокатыбыз менен каякка барабыз. Бизден аренданы кечээ эле алып, эртеси чыгып кеткиле деп жатат. Имаратты сатып алгандар менен сүйлөшсөк алар деле ошол талапты айтышууда. Биз бир гана убакыт сурадык. Бул жерде жатып албайбыз»,- деди Кадырова.

Биздин редакция Жалил Атамбаев менен да соода борбордун азыркы ээси менен да байланыша алган жок.

Ижарачылардын нааразычылыган кийин «Рамазандын» жаңы ээси 5-майга чейин убакыт бергени кабарланды. Бирок ижарачылар бул убакытта башка жер таап, көчө алышпасын айтышууда.

Ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюуга шектелип 4-мартта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштегенде мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк алганын, аны жакын туугандарына каттап койгону аныкталганын атайын кызмат билдирген.

Кийин 30-мартта Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун мамлекеттик бюджетке төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Анын алкагында Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык акча салган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо