Өткөн суткада коронавирустан 2 бейтап каза болду. Жаңы учурлар 240

Акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап көз жумду. Жуктургандардын саны 240 кишиге жетти. Ошол эле учурда оорудан айыгып чыккандар 161ди түздү. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Жуктургандардын аймактар боюнча саны: 

Бишкек — 133;

Чүй облусу – 85;

Ош облусу — 5;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 1;

Ысык-Көл облусу – 10;

Баткен облусу — 2.

Айыккандар:

Бишкек – 118;

Ош шаары – 4;

Чүй облусу – 21;

Ош облусу – 4;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 8;

Жалал-Абад облусу – 3;

Баткен облусу – 1.

Былтыркы жылдын 18-мартынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 90 839 кишиге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 86 313. Каза болгондор 1534.

Ушул тапта ооруканаларда 968, үй шартында 1058 бейтап дарыналууда. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы оор, кыркы өтө оор деп бааланууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо