Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны бир айда 33%га көбөйдү. Инфографика

Кыргызстанда ушул жылдын март айында коронавирус жуктургандардын саны февраль айына салыштырмалуу 33 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, мартта өлкөдө COVID-19 оорусунун 2 377 миңден ашык учуру катталган. Мекеменин билдиришинче быйыл коронавирус жуктургандар январь айына салыштырмалуу февралда 1,5 эсеге төмөндөп, март айында кайра 33%га жогорулаган.

Өткөн айда инфекция катталган учурлардын жарымынан көбү Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди.

Өлкө боюнча пандемия башталган өткөн жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алгандар 91 374, айыккандар 86 621 кишини түздү. Алардын 1544ү каза болду. Бүгүнкү күндө дарыканада жаткан 1070 бейтаптын 757си орто оор, 248и оор, 35 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1173кө жетти.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 186 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо