Бир күндө коронавирус 265 кишиден аныкталды. Эки бейтап көз жумду

Республикалык штабдын 17-апрелге карата берген мааалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн бир сутка ичинде COVID-19 илдетин дагы 265 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 152 бейтап сакайып чыгып, Бишкекте 2 адам каза болду.

Илдетти жаңы жугузуп алгандардын жарымынан көбү Бишкекте. Бир күндө борбор калаада коронавирус 148 кишиден аныкталды. Ошондой эле, Ош шаарында — 3, Чүйдө – 80, Нарында — 6, Ысык-Көлдө – 12, Жалал-Абадда – 6, Баткенде — 2, Талас жана Ош облустарында төрттөн учур катталды.

Былтыркы жылдын 18-мартынан бери жалпы илдет жуктургандардын саны 91 639 кишиге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 86 773. Тилекке каршы, каза болгондор 1546.

Учурда ооруканада 1130 бейтап бар. Алардын ичинен 287си оор, 38 киши өтө оор абалда. Үйдө (Амбулатордук) дарыланууда – 1223 жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*