Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж жарандарга арзандатылган дарыканалар ачылат

Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Аталган дарыканаларда, дары-дармектер шаардагы 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандарга 30%, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25%, андан башка дарыгерден рецеби бар болгон тургундарга чекене баадан 10% арзан сатылуусу пландалууда.

«Дарыканалар шаардагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарына ачылат. Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп, дары саткан фирмаларга конкурс жарыяланган»— деп билдирди Абсаттаров.

Бул боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы дары каражаттар жана медициналык буюмдар департаментинин түштүк филиалы менен Ош шаарынын мэриясынын атайын жумушчу тобу иш алып барууда.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*