
Акыркы суткада коронавирус илдетинен 5 бейтап көз жумду. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусундагы бейтапканаларда дарыланып жатышкан. Ооруну дагы 380 киши жуктурап алды. Ошол эле убакта 164 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 246;
Ош шаары — 14;
Чүй облусу – 91;
Ош облусу — 5;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу — 2.
Айыккандар:
Бишкек – 94;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 44;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 3.
Былтыркы жылдын 18-мартынан бери өлкөдө жалпы илдет жуктургандардын саны 93 006 кишиге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 87 554. Тилекке каршы, каза болгондор 1566га жетти.
Ушул тапта ооруканаларда 1352 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 316 бейтаптын абалы оор, 52си өтө оор деп бааланууда. Үй шартында дарыланып жаткандар 1556.
Оставьте первый комментарий