Шаардык кеңешке шайлоого катышкан Оштун вице-мэри талапкерликтен четтетилди

Кечээ, 21-апрелде Ошто шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, вице-мэр Жасур Азимов «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлер курамынан четтетилди.

Анын талапкерлигин алып салуу сунушун аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан колдоп берди. Азимовду четтетүүгө 11-апрелде өткөн шайлоого нааразы тараптардын арызы себеп болгон.

АШКнын маалыматында, аларга шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 105 арыз түшкөн. Анын 27си саясий партиялардан, 68 арыз коомдук уюмдардан жана 10 арыз жеке тараптардан келген.

Эске салсак, шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан убакта вице-мэр Азимовдун атынан элге жардам катары азык-түлүк тараткан видео тараган эле. Анын негизинде шайлоо алдында 31-мартта беш партия өкүлү нааразачылык билдирип маалымат жыйын курушкан.

11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарында «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары шайлоо босогосунан өттү.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1012 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*