
Өлкөдө эттин чекене баасы 27%га көтөрүлдү. Бул улуттук статистика комитетинин 18 калктуу конушунда жүргүзүлгөн мониторингинде аныкталган.
22-апрелге карата уйдун этине болгон баалар республика боюнча орточо 450,31 сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89,11 сомго же дээрлик 25 пайызга өскөн.
Ал эми койдун этинин баасы 449,67 сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга көтөрүлгөн.
Оставьте первый комментарий