Индия: коронавирустан каза болгондордун сөөктөрүн көчөлөрдө өрттөп жатышат

Сүрөт: bbc

Индияда коронавирус кайрадан күч алып, күн сайын 350 миңден ашык кишиден COVID аныкталууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин радио аркылуу элге кайрылуусунда айтылат. 

Маалыматка ылайык, атайын жайларда орун жана убакыт жетпей жаткандыктан, коронавирустан каза болгондордун сөөктөрүн кадимкидей көчөлөрдө өрттөп жатышат. Ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору жетишсиз.

«Биринчи толкун менен ийгиликтүү күрөшкөндөн кийин «Биз коронавирусту жеңдик» деп ойлогонбуз. Бирок жаңы толкун элди дүрбөлөңгө салды. Азыр Индия коронавирус чабуулунун чок ортосунда турат. Күнүнө 350 миңден адам вирус жугузуп, Дели шаарында ар бир төртүнчү мүнөт сайын бирден киши өлүп жатат», — деди Нарендра Модинин.

Ошентип 1,3 миллиард калкы бар Индия каза болгондордун жалпы санынан улам АКШ, Бразилия жана Мексикадан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Индияда COVID-19 жуктургандардын саны 17 миллионго жетти.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*