Өткөн суткада COVID-19 эки кишинин өмүрүн алды. Жаңы учурлар 199

Өткөн 24 сааттын ичинде коронавирус илдетинен Бишкек менен Нарында 2 бейтап каза болду. 199 бейтап жуктуруп алды. Ошол эле учурда оору менен күрөшүп жаткан 146 киши айыгып, үйлөрүнө чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 138;

Ош — 9;

Чүй облусу – 29;

Ош облусу — 2;

Талас облусу — 6;

Нарын облусу — 1;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 3.

Айыккандар:

Бишкек – 106;

Ош шаары – 3;

Чүй облусу – 27;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 9.

Былтыркы жылдын 18-мартынан бери коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 94 030 адамга жетти. Анын ичинен айыккандар 88 212. Каза болгондор 1584.

Ооруканада 1449 бейтап дарыланып жатат. Алардын 345нин абалы оор, 62си өтө оор деп бааланууда. Үй шартында дарыланууда 1801 киши бар.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*