Ажал алып келген ала качуулар.

Кылмыш канткенде токтойт?
Бир үйдүн жалгыз кызы, болгону 27 гана жаштагы Айзада Канатбекова мындан 22 күн мурун адамды никеге туруу максатында уурдоонун курмандыгы болду. Анын окуясы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, кыз ала качуу, адам урдоо фактысына олуттуу көңүл бурууга мажбур кылды. Бул Кыргызстанда ала качкан эркектин колунан ажал тапкан экинчи окуя болуп калды.
Өлкөдө ала качуунун арты өлүм менен аяктаган кылмыш 2018-жылы 20 жаштагы Бурулайдын окуясы менен катталган. Андан кийин 2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузууга байланышкан жазалар күчөтүлдү. Бирок, ага карабай кыздын өз эркине каршы үйлөнгөндөр дагы эле арбын.
Коомчулукка жеткен фактылар

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери эле ЖМКларда кыз ала качуу боюнча бир нече фактылар жарыяланып жатат. Алардын дээрлик көпчүлүгүн өзүнө тааныш эмес адамдар алып качкан.

Мисалы, 8-мартта Бишкекте 25 жаштагы кызды өзүнө чала тааныш 31деги жигит ала качкан. Кийин 2-апрелде да ушундай эле окуя катталып, борбор калаадан Ысык-Көлгө 22 жаштагы бала өзүнөн үч жаш улуу жакындан тааныбаган кызды унаага күчтөп салып кеткен. Ал гана эмес жашы жете элек окуучуну алып качкан окуялар да жарыяланып жатат. Буга чейин 3-февралда Токмоктон Бишкекке 17 жаштагы кызды, мектептен чыкканда алып качып кеткен жигит кармалган эле.

Бул фактылар милицияга «Мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качуу» беренеси менен катталганы айтылган. Бирок алар мыйзам чегинде жазаландыбы? Ала качуунун дагы эле токтобой жатканына эмне себеп болуп жатат?
Башкы прокуратуранын маалыматында, үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле ала качуу боюнча 64 факт катталган. Анын экөөсү гана сотко өткөн, 52 иш токтотулган. Сотко өткөн эки иштин бири Айзаданын окуясы болсо, демек бул факт менен коомчулукка жеткен буга чейинки окуялардын бири да жазаланган эмес. Милиция иштин токтотулушуна кыздардын арызын кайтарып алышы себеп болоорун айтып келет.
Жабыр тарткан кыз эмнеге арызын кайтарып алат?
Ушундай эле окуяга туш болгон Гүлнур, жазылган арызды кайтарып алууга көпчүлүк учурда туугандар үндөйт дейт.
Жалал-Абад шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды бир жыл мурун тааныш балдарынын бири алып качып кеткен. Мажбурлап никеге турууга мурунтан каршы болгон Гүлнур убагында милицияга кайрылып, бирок үйүнө кайткан соң арызын кайтарып алган.
«Баланын ата-энеси кайтарып алышымды суранып туруп алган. Биринчи арыз жазганымда "Бактың ачылбайт" деп каргап-шилешти. Кийин кайра келип алып "Баламын тагдырына балта чаппа. Түрмөдө эмне болот?" деп жалбарган эле. Ошондо ата-энемда
"Эмне кыласың? Кайтарып ал" дегенинен макул болгом. Бирок кийин ошол чечимиме абдан өкүндүм. Кыздар, анын кайра эле алып качып үйлөнгөнүн айтышты. Билбейм балким ал кыздын көңүлү бардыр. Бирок ала качуу башымдан өткөндүктөн абдан ичим ачышты
»- дейт Гүлнур.
Кыздардын көпчүлүгү бул сыяктуу же башка себептер менен арызын кайтарып алганын статистика тастыктап турат. Мисалы былтыр эле 200дөн ашуун фактынын 11и гана сотко өткөн.
Шаар жергесинде катталган бул фактылар милицияга жеткени гана. Мындан сырткары арызданбай жашап калгандар да бар. Бирок алардын кийинки жашоосу кандай болуп жатат?

Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова, айрым ала качуу менен башталган тагдырлар бир балалуу болгонго чейин же бир жылга жетпей эле ажырашуу менен коштолуп келгенин айтат.
«Акыркы үч жылда ала качуу менен бизге кайрылгандар азайып калды. Бирок айрыкча айыл жергесинде кыз менен балага айтпай эле ата-энелер сүйлөшүп алып, баланы алып келе бер, биз сүйлөшкөнбүз деп эле алып качып үйлөп койгон учурлар болуп келген. Бала мындай учурда өз көңүлүндө адам болбосо көнө берет. Ушул учурда экөө сүйлөшпөй бири-биринин психологиялык абалын билбегендиктен жашабай ажырашып кеткендер болот», —дейт Асилбекова.
Ала качуудан кийинки жашоо кандай болот?
Төрт жыл мурун ала качуу менен турмушка чыккан Аксы районунун тургуну Акбермет (аты өзгөртүлдү) ата-энеси макулдашып койгондуктан өзүнө бейтааныш эле бала менен баш кошкон. Бүгүн бир баланын энеси. Бирок ушул күнгө чейин «алып качуу менен үйлөнгөнбүз» деген сөздү аралаштырып жашап келебиз дейт.
«Азыр бир балабыз бар. Төрт жыл өтүп кетти. Кудайга шүгүр эч нерседен кемчилигибиз жок. Бирок азыркыга чейин ичимде бир жек көрүү бар. Алып качпаганда окуйт элем, жашоом башкача болмок деп ойлой берем. Айылдагы чырылдатып алып келген досторунда көргөн сайын жаман көрөм. Айла жок, балам үчүн жашап жатам»
Акберметтин айтымында, ушундай эле окуяга сиңдиси да кабылган. Аны Бишкектен Аксынын алыскы айылына унаа менен алып качып келишкен. Бирок 8 саатта үйгө келгенге чейин, кыздын ата-энеси келишип койгондуктан милицияга чалууга да макулдук берген эмес.
Бул сыяктуу окуяны башынан өткөргөн кыздардын бири Айжаркын бир жылга жетпей ажырашып, жогорку окуу жайга да окуй албай калгандыктан учурда Орусияда мигрант болуп жүрөт.

Балдар эмне себептен алып качып үйлөнүү жолун тандайт?
«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова балдардын кыздын каршылыгына карабай никеге турушуна 3 учур себеп болуп келген дейт.

  • Балдардын кыздарга сүйлөй албаганы, мамиле кура албаганы, жашынын өтүп кеткени же өзүнүн каалаган кызын ала албай жаткандыгы себеп болот.

  • Ошол эле учурда кыз менен бала сүйлөшүп алып, кыздын ата-энеси көнбөй койсо алып качып үйлөнгөндөр бар.

  • Ата-энелер сүйлөшүп, келишип коюшат. "Баланы алып келе бер макулдашканбыз" деп эле үйлөп койгондор бар. Мыйзам бузууга баргандан коркпогонуда ушул учурда болот. Себеби ата-энеси макул, арызданбайт деген ой болот.

Негизи өлкөдө 2013-жылга чейин ала качуу кылмыш катары каралган эмес. 2013-жылдан тарта гана мажбурлап никеге тургузуу мыйзамда кылмыш деп белгиленип, жазалар киргизилген. Бирок бул жылдары, кызды никеге туруу үчүн ала качкандар 7 жылга чейин гана эркинен ажыратылган. Учурда күчөтүлгөн мыйзамдар төмөнкүдөй:
Айзаданын өлүмүнөн кийин Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы да билдирүү жасап, ала качууга шариятта тыюу салынаарын маалымдаган.
«Ала качуу - арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам»
Айзаданын окуясы...
Ала качуудан улам каза тапкан Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон.

Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Аталган кандуу окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Ошондой эле, 8-мартта Жогорку Кеңеште ала качуунун жазасын дагы да каталдаштыруу сунушталган.