Кызгалдакка оронгон Сулайман-Тоо
Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоодо кызгалдак гүлдөп, тоо кызыл килем төшөлгөндөй көрккө келген. Күндүн ысыгына карабай тоого чыккандар менен гүл арасында сүрөткө түшкөндөр да арбын. Жылда Сулайман-Тоонун күңгөй тарабында гүлдөгөн кызгалдактын быйыл ачканына 10 күндөй болуп калды.









