«Мурдагылардын катасын кайталабайлы». Жапаров чек ара маселеси боюнча пикирин айтты

Видеодон скриншот

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

Маек учурунда ал чек ара маселеси бир жактуу эле «бизге чечилиши керек» деп тура бербей, сүйлөшүүлөр менен чечилерин белгиледи. Ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүү мындан ары жабык өтпөй турганын, ага бардык тараптар катышарын айтты.

«Чек ара маселесин каалайбызбы же каалабайбызбы чечишибиз керек. Бир жактуу эле бизге чечилиши керек деп тура берсең чечилбейт да. Жергиликтүү калк каршы чыгып, «Өз жерибизди бербейбиз. Туура эмес болуп калды» дегенден кийин биз жергиликтүү элден да кошобуз. Эл менен дагы акылдашабыз. Мурдагы бийлик жашыруун жасап, парламенттен өткөрүп, президенттер кол койгондон кийин гана «жерибиз өтүп кетиптир» деп элге билинчү да. Биз «мурдагылардын катасын кайталабайлы, алдын-ала элге ачык көрсөтөлү, макулдашып анан зым тор тарталы» деп атабыз. Биздин саясатыбыз ушул. Бир эле Ташиев барып протоколго кол коюп келсе маселе бүтпөйт». 

Кыргыз-өзбек чек арасы 

Ушул жылдын март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилгенин кабарлаган. Анын пикиринде, мындан ары ортодо талаштуу жер тилкелер болбойт.

Бирок Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан коңшу өлкөгө 50 гектар жер берүү тууралуу протоколго кол койгону Кара-Суу жана Өзгөн районунун тургундарын нааразы кылган.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары жапырт акция өткөрүшкөн. Алар суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен. Мындан кийин Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 20 гектар гана жер берилерин айткан.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары да «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанында ​мөөнөтсүз акция уюштурушкан. 23-апрелде «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, «Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин» деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан. Алар «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Ташиев 25-апрелде жергилдиктүү тургундар менен жолукканда жер берүү тууралуу протоколду жокко чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында чек арага байланыштуу чырлар байма-бай катталып турат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, былтыр кыргыз-тажик чек арасында тогуз, кыргыз-өзбек чек арасында үч жаңжал болгон.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым. Анын ичинен 519 чакырымы делимитация жана демаркациядан өтүп, калган бөлүгү тактала элек.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаш аймак бар. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*