Алайда Памирден келгендерге Кыргызстандын паспорту берилди. Сүрөттөр

Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган 44 этникалык кыргызга паспорт берилди. Аны өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды.

«Памирден келгендерге шарт түзүп, аларды жумуш орундар менен камсыздашыбыз керек. Жаш балдарына да күбөлүк берилет. Балдар билим алат. Алар башка жарандардай эле баардык укуктарга ээ болот»  — деди облус башчысы.

Эске салсак, Памирден 33 этникалык кыргыз 2017-жылдын октябрь айында Нарынга алынып келинген. Кийин Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө 10 үй-бүлө көчүрүлгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 16-апрелдеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Афганистандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берилген.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*