Баткенде абал турукташууда, Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү жолду ачты

Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу 30-апрелде саат 21:00дө өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Ал билдиргендей, Баткенде абал турукташууда, ок атуулар токтогон. Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен кырдаалды турукташтыруу үчүн комиссия түзүшкөн.

«Анын натыйжасында Төрт-Көчө жолу ачылды. Ошондой эле коңшу өлкө Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан «Кызыл-Бел» чек ара өткөрүү жайы менен Тажикстандын «Гулистон» бекетинин аймагындагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткен», — деди Бердикулова.

Чек арадагы чыр

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде чыр чыккан. Кагылышуунун келип чыгышына аталган дарыяда жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы электр мамычаларына тажик тараптын видео камераларды орнотуп алганы себеп болгон.

Жаңжал 29-апрелде да уланган. Үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды. Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*