
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунунан Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган тургундардын жерине кайтуусуна жана талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө колдоо катары жардам күтөт. Бул тууралуу 30-апрелде тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда министр БУУнун программаларынын жана долбоорлорунун бир бөлүгүн Баткенди калыбына келтирүүгө буруу зарылчылыгын белгилеген.
«Министр сүйлөшүүдө эки тараптан тең курман болгондор бар экендигин билдирди. Ал жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунда ички жер которгон кишилер жана уроого учураган инфратүзүмдүк объектилер менен үйлөр бар экендигин айтты. Казакбаев кыргыз жана тажик тараптарынын ортосунда ок атууну токтотуу жана кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүү жөнүндө макулдашууга жетишилгендигин кабарлады» — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Наталья Герман БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тыкыр көз салып турганын айтып, эки тарапка тең кырдаалды жөнгөрүүгө техникалык жардам берүүгө даярдык бар экенин билдирген. Бириккен Улуттар Уюму тараптарды чечилбеген маселелердин баарын тынч чечүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.
Оставьте первый комментарий