Кимдер кан донору боло алат? Түшүндүрөбүз

Сүрөт: T-Media/©NARGIZAANARBAIKYZY

Ош шаарында Баткендеги чек ара чырында жабыркагандар үчүн акысыз кан тапшырууну каалагандардын саны көп болууда. Бирок ыктыярчылардын көпчүлүгү донорлорго тиешелүү айрым талаптарга жооп бербегендиктен, кан тапшыра албай кайтып кетип жатышат. 

Кечээ 30-мартта облустук кан борборуна жумуш убактысынан кийин 30 киши акысыз кан тапшырган.

«Кызматкерлер нөөмөт менен түнү менен иштеп жатабыз. Кечээ дээрлик түнкү саат экиге чейин кан тапшырууну каалагандар келип жатты. Бирок айрым талаптарды билбей дары ичип алгандар же документсиз келип кан тапшыра албай кайра кеткендер болуп жатат» —деди мекеменин кан даярдоо борборунун башчысы Абдиламит Боркошов.

Кан доноруна кандай талаптар бар?

Кан тапшыруу үчүн барган адамда өздүгүн тактоочу документтери сөзсүз болушу керек. Ошондой эле кан алгандан соң донордун өзүнө же билбестиктен анын каны аркылуу бейтаптарга оору жугуп калбашы үчүн, төмөнкүдөй тыкыр көзөлдөн өтүүчү талаптар коюлган:

  • Кан оорулары (сарык, бруцеллез) менен ооругандар;
  • Анемия (аз кандуулук) менен жабыр тарткандар;
  • Кош бойлуулар жана бала эмизгендер;
  • Жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар;
  • Жакында татуаж же пирсинг жасаткандар:
  • Тиш доктурга кайрылганына 6 ай боло электер;
  • Операция болгонуна 6 ай боло электер;
  • Акыркы жолу дары-дармек ичкенине 1 ай боло электер:
  • Чет өлкөдө 2 айдан ашык жүрүп келгендер 6 айга чейин кан тапшыра албайт.

Белгилей кетсек, 18ден жогору 60 жашка чейин жарандар гана кан донору боло алат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 186 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо