Айдарбеков: Тажикстандын орто кылымдагы ыкманы колдонуусу цивилизацияга жатпайт

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков чек ара боюнча Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартуу керектигин айтты.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда гуманитардык укуктун ченемдерин жана принциптери көз көрүнөө бузулду. Ал ченемдерге ылайык, туруктуу аскерлер тарабынан жөнөкөй жарандарга, куралсыз адамдарга ок атууга, жарандык мүлктү жок кылууга, медициналык кызматкерлерге кол салууга жана тез жардам унааларын атып салууга тыюуу салынган.

Айдарбеков репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү керектигин белгиледи.

«Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргызстанга жасалган агрессияга байланыштуу баардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жооп чакырууга жардам берет. Кыргызстан көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Анын ичинде БУУда бар.Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандык аскердик агрессиясын айыптоого муктаж болду»,- деп билдирди Айдарбеков.

Ал, расмий Душанбенин аракеттерин айыптап Тажикстандын чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоону союздаштар, өнөктөштөр жана боордош элдердин жардамы керектигин кошумчалаган.

Ошондой эле Тажикстандын 21-кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү цивилизациялуу эмес экендигин, достук мамилелерге жатпастыгын көрсөтүү керектигин билдирген.

Чек арадагы чыр

28-апрелде чек арадагы эки тараптын куралдуу жаңжал «Головной» суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.

Ал күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти. Каза болгондодун саны 35ке жетип,  183 адам жараат алган.

Ал эми Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо