Баткенге жалпы 573 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Гуманитардык жардамдын 515 миң 81тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө берилип, 57 миң 850 тоннасы кампада сакталууда.

«Алардын негизгиси азык-түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана гигиеналык каражаттар.Гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн облустук коммисиянын көзөмөлү менен бөлүштүрүлүп жатат»— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине ушул убакка чейин жалпы 11 млн 684 миң 805 сом каражат которулган.

Белгилей кетсек учурда Баткендеги чек ара чырынын кесепетинен жабыркаган тургундар үчүн өлкө аймактарында гумжардам чогултулуп жатат.

Баткенде 28-апрелде башталган окуядан 107 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Аткылоодо 186 жаран жаракат алып 36 киши каза болду.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 186 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо