«Билайндан» жаңы тарифтер: билим берүүнүн чоң дүйнөсү сиздин колуңузда

Beeline — онлайн билим берүү рыногунда жигердүү иштөөнү улантып, окуучулар жана студенттер үчүн жаңыланган тарифтерди  даярдады. Алар — «жаңы Билим онлайн» жана «жаңы Билим онлайн жума». Ал эми мугалимдер үчүн «жаңы Мугалим онлайн» тарифтик планы чыкты. 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мектептердин жана башка билим берүү мекемелеринин жабылышы дүйнөдөгү студенттердин 94%на таасирин тийгизген. Көпчүлүгүнө дистанциялык билим берүүнүн жаңы форматына көнүү керек болуп, онлайн билим берүү чөйрөсүн жаңыланууга түрткү болду.

Beeline уюлдук оператору четте калбай, өлкөбүздүн билим берүү тутумун өнүктүрүүгө өз салымын кошууга ниеттенүүдө. Окуу жылынын аякташына бир ай убакыт калды, аны оңой жана ыңгайлуу кылуу үчүн жаңы, өркүндөтүлгөн тарифтик пландарыбызды туташтырууну сунуштайбыз. Мектеп окуучулары жана студенттери үчүн биз эки тарифтик планды сунуш кылабыз:

  • “Жаңы билим онлайн” – болгону 285 сомго төрт жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле билим берүү ресурстарынын топтомуна акысыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMSтер менен жана 20 ГБ интернет-пакет берилет.
  • “жаңы билим онлайн жума” – 105 сомго бир жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары билим берүү ресурстарынын топтомуна акасыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMSтер менен жана 8 ГБ интернет-пакет берилет.

Тарифтерге кошулуу үчүн: эгерде сиз студент болсоңуз, паспортуңуз жана студенттик күбөлүгүңүздү, а эгерде окуучунун ата-энеси болсоңуз баланын туулган тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү керек.

Ошондой эле ушул оор мезгилде мектеп жана университеттин мугалимдерине жүктөлгөн жүктү эске алып, Beeline жаңыланган тарифтик планды сунуштайт. “жаңы Мугалим онлайн” – болгону 285 сомго төрт жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле билим берүү ресурстарынын топтомуна акысыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMSтер менен биздин өлкөнүн башка уюлдук операторлорунун номерлерине акысыз 100 мүнөт жана 30 ГБ интернет-пакет берилет.

Мугалимдерге тарифке кошулуу жана которуу үчүн иштеген жеринен маалымкат жана паспортун көрсөткөндөн кийин мүмкүн болот.

Жогорудагы кызматтардын бардыгын Beeline сатуу жана тейлөө борборлорунда кошо аласыз. Тарифтик пландар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин сайтка шилтеме алыңыз.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо