Чек ара чырынан жабыркаган 100 бейтап ооруканада жатат

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган 100 адам ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандар 4-майга карата жалпы 189 адамды түзүп, анын 36сы каза болгон. Бүгүнкү күндө 59 бейтап Бишкек шаарында, 41и Баткен облусунда ооруканаларда дарыланып жатат.

«Калган жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Жабыр тарткандар жаткырылган Бишкек шаарынын жана Баткен облусунун бардык ооруканаларында дары-дармектер жана медициналык буюмдар, кан жана анын компоненттери жетиштүү»— деди Солтонбекова.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталган. 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес. Баткендеги аткылоонун кесепетинен облуста 107 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 186 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо