Чек ара кызматы: Баткенде жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жүрүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылбай калган снаряддарды таап, аларды зыянсыздандырууну баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди. 

Мекеме билдиргендей, саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Өткөн түнү кандайдыр бир окуя жана ок атышуулар катталган жок.

«3-майдан бери Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз», — деп билдирди Чек ара кызматы.

Мекеменин маалыматы боюнча, чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасын кайтарууда. Чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүмдөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Чек арадагы чыр

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Арасында 5 эркек бала жана 13 жаштагы кыз бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат бере элек. «Азаттыктын» тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Исфара районундагы Кожалы (Хожа Аъло) жана Сомониён айылдарында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчирлери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*