Өкмөт: Баткенге өзгөчө статус берилет

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү үчүн документ даярдады. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 

 «Тийиштүү чечимге мен кол койдум. Азыр парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Алар кабыл алган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», — деди Марипов.

Өкмөт башчы турак-жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр суук түшкөнгө чейин курулаарын, учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Чек арадагы чыр

28-апрелде чек арадагы эки тараптын куралдуу жаңжалы «Головной» суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталган.  29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.

Ал күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти. Каза болгондордун саны 35. 183 адам жараат алган.

Ал эми Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо