Ошко “Спутник V” вакцинасы келди

Бүгүн 4-майда Ош облусуна 4000 доза “Спутник V” вакцинасы алынып келинди. Бул тууралуу Ош аймактык санитардык эпидемологиялык борборунун жетекчиси Санталат Орозбаева билдирди.

Эмдөө 65 жаштан жогорку жарандарга жүргүзүлөт.

“29-марттан бери ковид-19га эмдөө жүрүп келет. Буга чейин кыйтайдын “Синофарм” вакцинасы менен эмдеп келгенбиз.  Бүгүн Ош облусуна  4000 доза “Спутник V” вакцинасы алынып  келинди. Анын 1600 дозасы Ош шаарына бөлүнүп берилди деди”- Ош аймактык санитардык эпидемологиялык борборунун жетекчиси Санталат Орозбаева.

Вакцина жаранга 2 ирет сайылат. Эмдөөнү алган жаран  2-этабын 21 күндөн 28 күнгө чейин алууга тийиш.

Учурда вакцина Ош шаарында  №1 жана №10 клиникаларында сайылып жатат.

“Спутник V” вакцинасы  Кыргызстанга  алгач 22-апрелде 20 000 доза алынып келинген. Кыргызстан Орусия менен “Спутник V” вакцинасын 1 млн доза алууга келишим түзгөн.

Автор: Рыспай Мажитов

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 186 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо