Тажикстан Лейлекте жол оңдоону токтотту

Тажикстандын жол ондоочулары Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара-Худжанд жолунда оңдоп-түзөө (ямочный ремонт) иштерин жүргүзгөн. Учурда бул иштер токтотулду.  Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшкөн. Жыйынтыгында оңдоо иштери токтотулган.

«Баткен облусунун башчысы, аталган жол кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн, жолдун сол тарабы Кыргызстанга, оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, Кыргызстан, жолдун сол тарабынын оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана биз тараптын оңдоо иштерин токтотууну билдирди.Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган жолдун эки тарабын, эки мамлекеттин чек арачылары жөө кайтарып келишкен. 1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын башчыларынын эки тараптуу жолугушуусундагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара кызматтары, бул аймактан чек арачыларын алып кетишкен.

Учурда бул аймакта ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту  камсыздап турат. Исфара-Худжанд жолунун боюнда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаны-Жер айыл аймагынын Арка 1, Арка 2 айылдары жайгашкан.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*