
“Фейсбук” социалдык тармагында Тажикстандын Гарм районунун жигиттери мекенин коргоо үчүн Ворухка келгени тууралуу видео тарады.
Тасмада коңшу өлкөнүн аскер формасын кийген жоокерлерди жана граждандык кийимчен адамдарды көрүүгө болот. Автор “Гармдын атайын аскердик отряды Исфарага баратат. Жигиттер, силерге ак жол. Ишиңерге ийлигик” деп комментарий калтырган.
Биздин реадакцияга бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурмандарыбыз кайрылды.
Видеонун скриншоту аркылуу издөө салдык, бирок оңунан чыккан жок. Демек, видео жакынкы арада тартылган деген жыйынтыкка келебиз.
Тасманы 2-майда “Daler Tojik” Youtube-каналы да жүктөгөн. Тартылган датасын аныктоо үчүн Youtube data Viewer тиркемесин колдонобуз. Ал аркылуу тасма видео-хостингге 2021-жылдын 2-майында саат 16:33тө жүктөлгөнүн биле алдык.
Гарм — Тажикстандын борборунда жайгашкан шаар тибиндеги айыл.
Жыйынтык: Тажикстандын Гарм районунан аскерлердин Исфарага келгендиги тууралуу тасма- фейк эмес, ал 2-майда социалдык тармактарда жарыяланган.
Оставьте первый комментарий