Өткөн суткада коронавирус 8 адамдын өмүрүн алды. Жаңы учурлар 224

Өткөн суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Ыссык-Көлдө 2 бейтап көз жумду. 224 адам вирусту жаңы жуктуруп алды. Ошол эле учурда 225 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 139;

Ош — 1;

Чүй облусу – 63;

Ош облусу — 2;

Нарын облусу — 8;

Ысык-Көл облусу – 11.

Айыккандар:

Бишкек – 133;

Ош шаары – 4;

Чүй облусу – 58;

Ош облусу – 3;

Талас облусу – 1:

Нарын облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 9;

Жалал-Абад облусу – 4;

Баткен облусу – 4.

Былтыркы жылдын 18-мартынан бери илдет жуктургандардын саны 96 561ге жетти. Анын ичинен айыккандар 90 146. Каза болгондор 1630.

Учурда стационарда 1503 бейтап дарыланууда. Үй шартында 2295 бейтап жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо