Жогорку сот Равшан Сабировго карата чыгарылган сот өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку сот мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Сабировдун адвокаты прокурорлордун кортундусуна ылайык жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазган. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды», -деп айтылат маалыматта.

Эске салалы: Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 2012-жылдын июль айында «пара талап кылган» деген айып менен камалган. 2013-жылы 7-мартта Бишкек шаардык соту Сабировду үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Сабиров 2014-жылы амнистия менен абактан чыккан.

Равшан Сабиров 2020-жылы  «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кенешке шайлоого катышкан.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*