Абдикарим Алымбаев Баткен облусун жетектемей болду

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алымбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн, 5-майда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Баткендин буга чейинки губернатору Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулган.

Абдикарим Алимбаев — 48 жашта. Буга чейин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын башчысы кызматында иштеген.

Баткен облусунун жетекчисинин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо